Ли Куан Юнун китеби кыргыз тилине которулду

Кыргызстанда биринчи жолу "Сүймөнкул Чокморов" коомдук фонду жазуучу Арслан Койчуев менен биргеликте Сингапурдун мурдагы премьер-министри Ли Куан Юнун "Үчүнчү дүйнөдөн биринчиге" деген китеби кыргыз тилине которулду. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Сүймөнкул Чокморов" КФнун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, бул китепти ар бир кыргызстандык жаран окуп чыгууга тийиш.

-Мен Сингапурду өз көзүм менен көргөн учурда, абдан таң калдым. Бул кичинекей өлкөнүн ИДПсы Украинага караганда 5 эсе көп экен. Ошол эле убакта Сингапурдун аймагы Чүй облусунукунан да кичине. Алар эгемендикке ээ болгон кезинде, жада калса иче турган таза суусу болбоптур. Анын эмнесин айталы, аларда курулуш үчүн куму да жок экен. Бул китепти окуп чыкканымда, мен үчүн абдан чоң ачылыш болду. Ал кыргыздар үчүн жазылгандай сезилет. Биздин элдин менталитетине, маданиятына, турмуш-тиричилигине, партиялык шайлоосуна жана башкаларына абдан окшош экен, - деди Абдрахманов.

Фонд бул китепти которуу максатында, өз кезегинде сингапурдук басылмадан которууга уруксат алган жазуучу Арслан Койчиевге кайрылган.

-Албетте, биз орус тилинде басылган китептен деле которсок болмок, бирок, туп нускадан которуу туура болот деген чечимге келдик. Жалпысынан айтканда Арслан Койчиев бул маселени өзү чечти, ошон үчүн биз ага ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул анын эмгеги, - деп белгиледи Сагынбек Үмөталиевич.

Редакциянын маектешүүчүсү, Ли Куан Юнун китеби студенттер, окутуучулар жана өзгөчө Кыргызстандын аткаминерлери үчүн маанилүү китеп болушу керек деген ишеничте.

-Биз Арслан менен бул китепти которууну чечкенде, бул аркылуу акча табалы деген максатыбыз болгон эмес. Биздин негизги максатыбыз – бул китепти ар бир кыргызстандыкка жеткирүү эле. Азыркы убакта китептин которулушу аяк жагына чыгайын деп калды. Китептин тиражы август айында Сингапурдун эгемендиике ээ болгон күкүнө арналып чыгарылмакчы, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД