Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти менен жолугушту

Бүгүн, 10-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер менен жолугушту. Бул жөнүндө президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Cооронбай Жээнбековдун Швейцариянын президенти Ули Маурер менен салтанаттуу жолугушуу аземи Берн шаарындагы "Лон Манор" резиденциясында башталды.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушуусу пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД