Сапар Исаков: Тарых музейи боюнча ишке саясат аралашкан

Бүгүн, 9-июлда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды реконструкциялоо иштерине байланыштуу сот отуруму улантылды. Бул жөнүндө КСДП басма сөз кызматы билдирди.

Саясий уюмдун маалыматы боюнча, соттун отурумунда айыпталган тарапка карата чыгарылган бүтүм окулду. Андан кийин сот айыпталуучу экс-премьер-министр Сапар Исаковдон жана перзиденттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн экс-башчысы Мира Карыбаевадан күнөөлөрүн толугу менен моюнга алуу боюнча макулдугун сурады.

Сапар Исаков прокурорлордун эмне жөнүндө окуганын түшүнбөй калдым деп жооп берди.

-Мен бул ишке саясат аралашып кеткенин айткым келет. Эмне үчүн музейдин ачылышы болбой жатат? Бул мамлекетибиздин сыймыгы болуп эсептелет. Бизде башка мындай объектилер жок. Музейдин ичинде кафетерий болбошу керек деп депутаттардын айтканын укпай, дүйнөнүн башка музейлерине барып көргүлө дегим келет. Музей реконструкциядан кийин супер заманбап жайга айланды. Баардыгын Исаков менен Карабаевага шылтап, аларга жоопкерчиликти илип салуу туура эмес. Мындай кылуу жана өлкөнү артка тартуу жарабайт, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эки айыпталуучу тең сотто күнөөлөрүн моюнга албай тургандыгын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД