"КСДП Атамбаевсиз" кыймылында биримдик кеттиби?

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Назгүл Мамытова дем алыш күндөрү Facebookтагы өз баракчасына "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын лидеринин орун басары Нурбүбү Кененбаеванын Кой-Ташта жүргөн сүрөтүн жарыялаган.

Кененбаева "Элдик штаб" резиденциясына мурдагы партиялаштарынын чакыруусу менен барганы белгилүү.

Ошону менен бирге эле Соцтармакта фотосүрөт жарыялангандан кийин, "КСДП Атамбаевсиз" кыймылында жаңжал чыгып, Нурбүбү Садашевнаны чыккынчы катары күнөөлөшкөн. Бул кезектеги биримдик кетти деген ойду билдиреби?

VB.KG редакциясы мындай суроо менен Кененбаеванын өзүнө кайрылып көрдү эле, ал "кыймылдын ичинде баардыгы жайында" жана лидер Сагынбек Абдрахманов менин барганымды түшүнүү менен кабыл алды, деп ишендиргенче шашты.

-Менин Кой-Ташка барганым, Атамбаевди жана анын көз карашын толугу менен колдойм дегенди билдирбейт. Мени чакырышты жана мен ал жакка барып аларды угуп, өз пикиримди айтып келдим. Мен өзүмдүн мурдагы партиялаштарым менен жолуктум. Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз, бир партиянын мүчөлөрүбүз, бири-бирибиздин дарегибизге жаман сөздөрдү айтып каршылашпашыбыз керек. Болгону биздин көз караштарыбыз жана пикирибиз ар башка. Бул кадимкидей эле көрүнүш деп эсептейм. Биздин кыймылыбыз Атамбаевге кайрадан кайрылып барат деген сөз болгон жок. Ар ким өз позициясында калды, - деп билдирди Нурбүбү Кененбаева.

"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын лидеринин орун басары мурдагы президенттин тарапташтары менен эмне жөнүндө сүйлөштү болду экен?

-Алар мага – "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы – Асылбек Шариповичтин (Сооронбай Жээнбековдун иниси) долбоору экендигин биле тургандыктарын айтышты. Мен бул мындай эмес экендигин баса белгилеп, алардыкы туура эмес деп айттым. Бул жалгыз Сагынбек Абдрахмановдун долбоору. Анткени бул кыймыл 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн. Мен өз кезегинде, жаш лидерлерге жол бошотуп берүү көз карашын колдогом. Бирок, мындай стратегиянын ишке ашарынан шек санап калдым. Мындан тышкары менин Кой-Ташка барышым жана менин көз карашым бүт "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын позициясын билдиреби деп сурашты. "Жок" деп жооп бердим, бул жеке менин пикирим" дедим. Ар бир адам жеке көз карашы жана кадамына ээ болууга укугу бар, - деп баса белгиледи маектешүүчү.

Кыймыл азыр эмне иш менен алектенип жатат деген суроого Кенебаева так жооп бере алган жок, бирок, КСДПнын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого баруу планы бар деп билдирди.

-"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын статусу 3-апрелде Юстиция министлигинин бирдиктүү реестринде каттоодон өткөндөн кийин аяктаган. Ошондуктан биз өзүбүздү толук түрдө партия катары сезебиз. Албетте, азыр териштирүүлөр да жүрүүдө, бирок, биздин кадамдарыбыз мыйзам чегинде болду деп ойлойм. Аларда (Атамбаевдин тарапташтары – ред.) өздөрүнүн аргументтери бар. Биринчи май райондук соту Абдрахмановдун иш аракети мыйзам чегинде болгон деген аныктама берген. Бирок анын чечимине карата арыз жазылды. Эми убакыт гана баарын өз ордуна коёт, - деп белгиледи Нурбүбү Садашевна.

Ошону менен бирге бул кыймылдын максаты КСДПны сактап калуу болгон деп кошумчалады ал.

-Бул боюнча (КСДПны сактап калуу – ред.) Атамбаев тарабынан да жана Абдрахманов тарабынан да аракет жасалууда. Саясат деген ушундай тура. Ошондой болушу да керек, - деп сөзүн аяктады Кененбаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД