Байсаловго элчинин милдетин эске салып, интрига менен алектенбөө сунушталды

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловго өз милдеттерине түз киришип жана интрига менен алектенбөө сунушталды. Мындай пикирин VB.KG редкциясына ИИМ Дипломатиялык академиясынын бүтүрүүчүсү жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек билдирди.

Анын айтымында, президент Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчисинин жүрүм-турумуна көңүлүн бурса абдан жакшы болот эле.

-Мен Дипакадемиянын магистранты болгом жана элчилик кызматты ээлегендер саясий ишмерлик менен өздөрү дайындалган мамлекетте да алектенбеши керек экендигин жакшы билем. Кыргызстанга карата ал элчи же мамлекеттик аткаминер катары оюн айта алат. Кайсы-бир топтун, керек болсо президенттин да, кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын Улуу Британиядагы өкүлүнө саясий интригага аралашканы туура эмес. Анын тезинен өз милдеттерине түздөн-түз киришкени оң, - деди Али Мыктыбек.

Аткаминерлердин саясий ишмерлик менен алектенүүгө укугу жок экендиги мамлекеттик кызматкерлер жөнүндөгү мыйзамда жазылган деп сөзүн улады редакциянын маектешүүчүсү.

-Эсиңердеби, президент өзүнүн сүйлөгөн бир сөздөрүндө, капысынан кызматка келип калгандар үчүн дипломатияда орун жок, "мурдагы элчилердин бири өз милдеттерин так билбей, кызматтык этиканы бузган" деп айтканы бар. Ошондуктан Байсаловду чынында эле бул кызматка дайындаштыбы же жокпу мен үчүн түшүнүксүз, анткени, ал ушул убакка чейин Бишкекте эле жүрөт жана оппозиция менен Атамбаевди ыплас сөздөр менен каралоону улантууда. Элчи өз өлкөсүнүн өкүлү болуп эсептелет. Эгер ал өз мамлекетиндеги саясий интригаларга аралашып жатса, анан ал кантип Кыргызстандын чет жердеги өкүлү боло алат. Жалпысынан алганда анын абройу таза жана мыкты болушу керек, - деп кошумчалады ал.

Дипакадемиянын бүтүрүүчүсү мисал катары, азыркы элчилердин айрымдарын эске салды.

-Силер качандыр-бир кезде ошол эле Отунбаев, Жекшенкулов же дагы бирөө соцтармактарда оппозицияны же кыргыз саясатчыларынын кимдир-бирөөсүн ыплас сөздөр менен каралап жатканын уктуңар беле. Укпайсыңар дагы, анткени сөз өз милдеттерин жана укугун жакшы билген тажрыйбалуу дипломаттар жөнүндө жүрүп жатпайбы, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД