Т. Акун: Эгер Атамбаев кечирим сураса, соттогу арызымды кайтарып алам

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун ар-намысына шек жана зыян келтиргендиги үчүн Атамбаевди кайрадан Октябрь райондук сотуна берди. Доо арыздын суммасы 100 миң сомду түзөт. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Турсунбек Акун өзү билдирди.

Ал белгилегендей, "Апрель" телеканалын жана анын журналисти Канат Каниметовду да сотко берген. Укук коргоочу жоопкерлерден 500 миң жана 100 миң сом талап кылууда.

-Атамбаев өзү мага айып тагып жана мени каралоо үчүн башкаларга команда берди. "Апрель" телеканалында Азиз Батукаевдин бошотулушу үчүн мени 100 миң доллар алды сыяктуу жаңылыктарда ролик чыгып, аны Канат Каниметов окуп берген. Ал жакта башка журналисттер дагы бир ай бою мен жөнүндө сюжеттерди жасашкан, бирок, алардын баары окшош. Биз сотко мурда эле доо арыз менен кайрылганбыз, бирок, ал туура эмес даярдалганы үчүн кайтарып беришкен. Телеканалга доо арыз берүү боюнча да кыйынчылыктар жаралды – аны нотариус күбөлөндүрүшү керек экен. Биз Атамбаевдин атын угуп баш тартпаган нотариусту араң таптык, - деди Турсунбек Акун.

Айта кетсек, анын Атамбаевдин Батукаев боюнча таккан айыбын колдогон дагы орус тилдүү үч гезит менен соттошуу ниети бар. Алар кайсылар экендигин Акун азырынча айтпай турууну чечти, бирок, доонун суммасы 20-30 миң сом экендигин белгиледи.

-Мага акчанын кереги жок. Эгер сотто утуп алсам, адвокаттарга төлөйм, ал эми калганын кайрымдуулук иши менен балдар үйүнө берем. "Апрель" телеканалынын жабылышын деле каалабайм, анткени, сөз эркиндигине каршы эмесмин. Эгер алар кечирим сурашса, анын ичинен Атамбаев дагы, анан төгүндүккө беришсе, мен доо арызымды кайтарып алам. Белгилүү укук коргоочунун укугун жөнү жок кемситпеш керек. Мен көп адамдардын укугун коргогом, эгер өз укугумду коргой албасам, анда эл эмне дейт, - деп сөзүн жыйынтыктады акыйкатчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД