Анталияда 23 жаштагы кыргызстандык жаранды атып кетишти

Турциянын Аланья провинциясындагы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Муктарбек Иманалиевди атып кетишити. Бул жөнүндө турциялык ММК билдиришти.

Маалыматтар боюнча, эки жаш жигиттин ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири ок атып, окуя болгон жерден изин жашырган. Жолдо өтүп бараткандар жана окуяга күбө болгондор медиктерди чакырышкан, бирок, бул учурда кыргызстандык жаран каза болуп калган.

Шаардын полициясы шектүү жаранды кармоо боюнча операцияны баштады. Жолдун боюнда ок атылган тапанча табылган. Андан көп убакыт өтпөй шектүү жаран да кармалган. Учурда ал полиция участогуна алынып келинип, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД