Американын кубогу: Перу курама командасы финалга чыкты

Бул күндөрү Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Түштүк Американын Кубогу үчүн оюнунда Перу курама командасы финалга чыкты.

½ финалда перулуктар Чили курама командасы менен ойноп 3:0 эсебинде утуп алып, финалга чыкты. Чили курама командасы буга чейин акыркы эки турнирде катары менен утуп алган.

Финалдык оюнда Бразилия жана Перу курама командалары ойной турган болду. 3-июлда Бразилия курама командасы ½ финалддык оюнда 2:0 эсеби менен Аргентина курама командасын утуп алып, финалга жолдомо алган.

Эми финалдык оюн 7-июлдан 8-июлга караган түнү Бразилия менен Перу курама командаларынын ортосунда өтөт.

Андан бир күн мурда 3-орун үчүн Чили менен Аргентина курама командалары беттешмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД