Икрамжан Илмияновдун кылмыш иши сотко жиберилди

УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмияновго карата козголгон иштин материалдары Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул жөнүндө УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Илмияновго алдоо жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иш козголгон. 2019-жылы 10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С. Илмиянов КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланган.

Учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД