Эми "балага сүйүнчүнү" эки күндө алууга болот

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, 2019-жылдын 1-июлунан тартып республиканын баардык аймагында бала төрөлгөндөн кийин бир жолу берилүүчү – "балага сүйүнчүнү" жөнөкөйлөтүп төлөп берүү механизми башталды.

Жакшыртылган механизм аркылуу МКК, МТСР, Борбордук казначылык жана банктар менен ведомстволук маалымат алмашуу алкагында процесстердин толугу менен автоматташтыруу каралат. Ушуну менен бирге:

-"Балага сүйүнчү" алуу боюнча арызы ЗАГС, ЦОН органдары жана МТСР маалымат системасы аркылуу алынат;

-"Балага сүйүнчү" төлөмүн төлөп берүү үчүн МТСР административдик эсептөөнү борборлоштуруп жана акча каражаттарын банктык эсепке которуп берет (мурда министерствонун аймактык бөлүмдөрү аркылуу эсептелчү) жана маалыматтык системасы аркылуу документтерди төлөп берүү үчүн банктарга жиберет;

-Арыздын ээсине жеке эсепти ачуу үчүн банкка кайрылуунун кереги жок, анткени, бул төлөм үчүн транзиттик банк эсептери ачылган. Ал "балага сүйүнчүнү" төлөп берүү үчүн толук автоматташтырылгандыктан, арыз ээсинин кайрылган жерине карабастан, бир эле убакта төлөмдү банктын баардык филиалдарынан алуу мүмкүндүгүн берет;

- Банктагы эсебине акча каражаты түшкөндөн кийин арыздын ээсине СМС-билдирүү жиберилет.

Жаңы механизм төлөмдү жалпы терезе принциби боюнча камсыздоо мүмкүнчүлүгүн берет жана кайрылуу менен "балага сүйүнчүнү" алуучулардын эсебине акча каражатын которууга кеткен убакытты кыскартат.

Эске салсак, "балага сүйүнчү" төлөмүн автоматташтырууну киргизүү 2018-жылы башталган.

2019-жылы 6-июнда КР өкмөтүнүн "Бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү "балага сүйүнчү" төлөмүн төлөп берүү Жобосу жөнүндө" № 283 токтому кабыл алынып, ага ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап, аны алуу үчүн административдик төлөмдү автоматташтыруу жана убакытты кыскартууну киргизүү каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД