Өмүрбек Текебаевдин балдары өз иликтөө иштерин жүргүзүштү

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин балдары Ай-Данэк жана Амантур видео аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышып, атасына карата козголгон кылмыш ишиндеги башкы көрсөтмөнү атайын иликтөө менен четке кагышты.

Эң кызыктуусу, саясатчынын балдары өз иликтөө иштерин жүргүзүп, ага ылайык 2010-жылы Текебаев, Модин, Маевскийдин жолугушуусу такыр мүмкүн эмес болгондугун билдиришти.

-Ошол күнү алар "Супара" ресторанында менин атам менен жолугушкан имиш. Ошол жалган фотосүрөттөрдүн негизинде менин атамды мыйзамсыз сот жообуна тартышты. Бул жолугушуунун болушу такыр мүмкүн эмес, анткени, ал убакта Модин шаардын борборунда жүргөнү уюлдук компаниянын маалыматы менен тастыкталып жатат, - деп билдирди Ай-Данэк Текебаева.

Амантур Текебаев да Netmonitor тиркемесин келтирип, Модин менен Маевскийдин сөздөрү жалган чыгып жаткандыгын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД