Депутаттар Бабанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышабы?

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров жана Канат Исаев Москвада "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. Бул жөнүндө өздүк булактар тастыктады.

Андан тышкары журналист Динара Турдугулова соцтармактарда Зулпукаров менен Бабановдун фотосүрөттөрүн жарыялады. Маалыматка караганда, алардын жолугушуусу Москвадагы "Украина" мейманканасында өткөн.

Дагы бир фотосүрөткө Төрөбай Зулпукаров жана "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев "Боно" ресторанынын официанты менен чогуу түшүшкөн. Бул италиялык ресторан "Украина" мейманканасынын 30-кабатында жайгашкан.

Булактардын маалыматы броюнча, саясатчылар Өмүрбек Бабанов менен Кыргызстандагы саясий абал жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика" партияларынын өкүлдөрү кандай маселелерди ачык талкуулаганы такталган эмес.

Эсек салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо утулгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага карата шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө сүйлөгөн сөздөрү боюнча кылмыш иштерин козгошкон. УКМК маалыматы боюнча, алардын бирөө – жабылып, экинчиси улантылууда. Ушул жылдын жаз айында Өмүрбек Бабанов Бишкекке кайтып келүүнү пландаштырып жаткан, бирок, учакка отурууга бир нече саат калганында, элдик толкундоонун күчөшүнөн чочулап, кайтып келүүдөн баш тарткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД