Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү документалдык фильм "Евразия" ЭКФда көрсөтүлөт

Эрнест Абдыжапаровдун "Жусуп Абдрахманов" жаңы документалдык фильми 5-июлда Нур-Султандагы (Казакстан) XV Эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт.

Толук метраждуу тасма "Өзгөчө окуя" программасына киргизилген.

Абдыжапаровдун тасмасы Аскар Салымбековдун фонду жана Эрнест Абдыжапаровдун SEA студиясы тарабынан, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" Улуттук киностудиясынын техникалык колдоосу астында тартылган.

Картинанын сценарийин Бакыт Орунбек жазган. Бул тасма – ХХ кылымдын биринчи жарымындагы дүйнөлүк тарыхтагы эпохалык окуяларга кайра кайрылып түшүнүүгө аракет кылуу. Авторлор аларды Кыргызстандын элдик комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановдун тагдыры аркылуу көрсөтүшөт.

Фильмде диктордун текстин режиссер – Эрнест Абдыжапаров өзү окуйт. Ал эми Жусуп Абдрахмановдун ролун, көрүүчүлөр "Акыркы суракка алуу" спектаклинин сценасындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишовдун аткаруусунда көрө алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД