Экс-депутат Мамасалиев кезексиз шайлоолор боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңеш азырынча шайлоо мыйзамын өзгөртө элек болгондугуна байланыштуу, парламентти таратууга болбойт. Экс-депутат, эксперт Алишер Мамасалиев VB.KG редакциясына ушундай пикирин билдирип, ой бөлүштү. Анын айтымында, мындай кадам жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

-Андай болбосо Жогорку Кеңештин азыркы чакыруусундагы курамдын VII чакырылышка кайрадан шайланып келүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ооба, бүгүн парламентти таратууга өбөлгөлөр бар, бирок, мындай саясий кадам кандайдыр-бир саясий топтун каалоосуна жараша эле аткарылып калбайт, - деди экс-депутат.

Мындан тышкары экс-президент Атамбаевдин кезексиз президенттик шайлоону өткөрүү боюнча чакырык жасашына эч кандай негиз жок, деген ишеничте эксперт.

-Ал үчүн саясий да, юридикалык да негиздер жок. Мен муну Атамбаевдин аны коорупцияга күнөөлөгөн текшерүүлөрдөн, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүк маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу аракети катары карайм. Муну ал ишке ашыра алабы, аны убакыт көрсөтөт, - деп кошумчалады Мамасалиев.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоону өткөрүүнү талап кылышууда. Алар өздөрүнүн талаптарын алдыдагы шейшембиде боло турган митингде айтып чыгаарын билдиришүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД