Чет элдик эстрада жылдыздары кыргызча ырдашат

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамдын 30 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш чараларды уюштуруу боюнча кеңешме өткөрдү Бул жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, майрамды өткөрүү алкагында илимий-практикалык конференцияны, "Кел кыргызча сүйлөйлү" жаштар акциясын, мектеп окуучулары арасында алардын жашоосунда кыргыз тилинин ролу жөнүндө эссе конкурстарын жана б.у.с. иш чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Ал эми дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашап жаткан мекендештерибиздин арасындагы "Айтыш – 2019" эл аралык конкурсун өткөрүү өзүнчө пландаштырылган.

Майрамдык программага ар кандай этностор өкүлдөрү жана чет элдик жарандар ырларды кыргыз тилинде аткарган "Ырдайлы кыргыз ырларын" республикалык фестивалы киргизилген. Адегенде конкурс райондук жана облустук деңгээлде өткөрүлүп, андан кийин аймактык этаптын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарындагы гала-концертке катышат.

Мындан тышкары, кыргыз тилинде ыр аткарган чет элдик эстрада жылдыздарын чакыруу да пландаштырылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД