Караколдо шаар күнү 1,5 тонна ашлям-фуну даярдоо менен белгиленет

1-июлда Караколдун борбордук аянтында шаардын мыкты ашпозчулары 1,5 тонна белгилүү каракол ашлям-фусун даярдашат. Мындай даярдалып жаткан иш чара жөнүндө Каракол шаарынын мэриясы билдирди.

"АШЛЯМ-ФУ FEST" майрамы Ысык-Көл облусунун борборунун күнүнө арналган. Ушул жылы шаардын 150 жылдыгы белгиленет!

Мэрияда бул даамдуу тамак шаардын меймандарынын баардыгына бекер таратыла тургандыгына убада беришти. "Баардыгына жетет", - деп жазышты иш чаранын уюштуруучулары.

Мындан тышкары ушул күнү борбордук анятта жергиликтүү артисттердин концерти берилет. Сахнада Атай Өмүрзаков өзүнүн "Адем" бий тобу менен бий көрсөтүп, Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев, Аяна Касымова, Аяр, Жан Сабыров жана Ильяз Андаш ырдашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД