Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаты сабалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Нижне-Чуйское айыл кеңешинин депутатын сабоого шектелген жаран кармалды.

Чүй облусунун ИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылдык ИИБ Нижний-Чуй айылында бир нече жаштар жергиликтүү тургунду сабап кетишити деген кабар келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо эле ыкчам иликтөө тобу жиберилип, милиция кызматкерлери келээри менен, жергиликтүү 22 жаштагы жаран А.Т. 48 жаштагы атасын сабаган жарандарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Жабырлануучу Ж.А. аймактык ооруканага жаткырылган.

Чүй ОИИББ аталган фактыны тастыкташты. Окуяга шектүү катары 38 жаштагы М.З. кармалып, ал сурак учурунда кармалган жаран мындан 4 ай мурун аялы менен жабырлануучуну чогуу кармап алганын айтты. Кийин ал ажырашып кеткен. Үй-бүлөлүк маселелердин аркасы менен депутат экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, 24-июнда саат 19.30. чамасында эл өкүлүн сабап салган. Кармалган жаран Сокулук районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүү иши улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД