Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген дарбыздар ден соолукка зыяндуу

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калыс Жумагулов Кыргызстанга Өзбекстандан жана Тажикстандан алынып келип жаткан карантинге киргизилген жашылча азыктарга көзөмөлдү күчөтүү өтүнүчү менен тиешелүү кат жазып Айыл чарба министрлигине кайрылды.

Жумакановдун маалыматы боюнча, республиканын базарларын кыдыруу учурунда азыктарда нитраттардын өлчөмүнүн жогору экендиги аныкталган учурлар катталган.

Жаңы бышкан дарбыз үчүн нитраттын курамы 1 килограммда 60 миллиграммдан, коондуку 1 килограммда 90 миллиграмдан ашпаш керек. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген жашылча азыктардын 1 килограммында нитраттын саны 200-203 миллиграммды түзүүдө.

-Жогоруда аталган факты Кыргызстандын калкынын ден соолугу үчүн зыяндуу", -деп билдирди Мамиспекциянын директору.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД