Баткуаев боюнча ЖС экс-башчысы Феруза Жамашеванын жоопкерчилиги барбы?

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы сот кызматкери Жапар Эрматов камакка алынган. Ушуга байланыштуу соцтармактарда айрым Интернет колдонуучулары ошол кезде Жогорку Сотто төрагалык кызматты ээлеп турган Феруза Жамашева жоопкерчиликке тартылабы деген суроону беришүүдө.

ЖС экс-башчысы Жамашева кече жакында azattyk.org басмасына берген маегинде, "кримтөбөл" Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна эч кандай тиешеси жоктугун жана бул жөнүндө эч нерсе билбигенин айткан.

"Эгер менин эч тиешем жок болсо, кандай моралдык жоопкерчилигим болмок эле? Мен өзүмө ишенем, буга эч кандай тиешем жок экендигин билем", - деди ал.

Бул маселе боюнча VB.KG редакциясы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын экс-судьясы, азыркы кезде "Улуттар Биримдиги" саясий партиясынын аткаруу комитетинин катчысы Клара Сооронкуловага кайрылып көрдү. Ал Жогорку Соттун башчысынын кийлигишүүсүз Батукаевдин иши бүткөрүлмөк эмес деген божомолду айткан.

-Юридикалык жактан алганда, албетте, бул иште так айтуу кыйын. Анткени Жогорку жана райондук соттордун ортосунда эч кандай вертикаль жок. Судьялардын статусу да бирдей жана чечимдер өз алдынча кабыл алынат, бирок, маселенин баары жазылганы бир, ал эми иш жүзүнө келгенде башкача чыгып калганында болуп жатпайбы. Адатта баардык саясий заказдар тике эле ЖС башчылары тарабынан ишке ашырылат. Батукаевдин ишинде кандай болгонун мен так айта албайм, бирок, бул жерде Жогорку Соттун башчысынын көрсөтмөсү жок бүтмөк эмес, анын үстүнө бул иши президенттин деңгээлинде чечилип жаткандан кийин. Албетте, мен системаны ичинен билгенден, райондук судья жогору жактан көрсөтмө алган деп божомолдойм. Эрматов өзү ага карата көрсөтмө береби – бул башка иш. Бирок башка жагынан алаганда бүгүн кызматташуу боюнча процессуалдык макулдашуу планында тенденция жакшы болбой жатат, ал биздин системага киргизилгенге жетишпей жатып эле ушундай бузук формага айланды. Бул жерде менин оюмча, баардыгы сөз ташуу деңгээлинде жүргөн, - деди Сооронкулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД