Жолдубаева: Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депозиттик эсеби жок

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депозиттик эсеби, банктык кутусу да жок. Үй бүлө мүчөлөрүнүн эч кимиси да кутуларды ижарага алган эмес. Жалгыз Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби бар болчу, ага да арест коюшту". Бул жөнүндө бүгүн соцтармактардагы баракчасына КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева жазган.

Айтымында, тизме ушунчалык одоно түзүлгөндүктөн, ичинде Раиса Атамбаеванын маркум агасы да бар болуп чыккан.

"Тизмеге экс-президентке эч кандай тууганчылыгы жок УКМКнын 9-башкармалыгынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевди да киргизип коюшуптур. Бизге маалым болгондой, анын эч кандай депозиттик эсеби, банктык кутусу да болгон эмес. Бийликтегилер үчүн экс-президенттин үй бүлөсүнө бир нерсе болсо да "каттап", башка үй бүлөдөн алаксытуу маанилүү экендиги түшүнүктүү эле болуп турат. Экс-президенттин айланасында уюштурулган мындай театралдык оюндар жакында белгилүү болот деген ишеничтебиз", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, мурда Биринчи Май райондук соту коммерциялык банктардан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди алдын ала кабарлабай туруп алууга макулдук берген.

Соттун бул тизмесине төмөндөгүлөр киргизилген:

Атамбаев Алмазбек Шаршенович,

Атамбаева Раиса Мирахмедовна,

Атамбаев Кадырбек Алмазбекович,

Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна,

Атамбаев Сеилбек Алмазбекович,

Атамбаев Сейтбек Алмазбекович,

Атамбаева Диана Алмазбековна,

Атамбаева Динара Алмазбековна,

Шаршенов Нурбек Валибекович,

Шагиева Альбина Рамильевна,

Байбурин Артур Вилорович,

Байбурина Лилия Тавфиковна,

Рахмаджанова Жибек Манасовна,

Сатыбалдиева Аэлита Жумабековна,

Бектемиров Раис Эрикович,

Шагиев Рамиль Минахмедович,

Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич,

Пархати Субихи Вуфуерович,

Темирбеков Азиз Пайзуллаевич,

Ахмет Кая

Мусакеев Дамир Сагындыкович.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД