Омбудсмен: ӨКМ адамдардын тагдырына көңүл кош мамиле жасады

КР Омбудсмени 2018-жылдагы отчетунда гражданка Табалдиевага жана анын үй бүлөсүнө жылууландырылган контейнер бөлүп берүү зарылдыгын билдирген, анткени, Бишкектин борборунда орун алган алардын үйү, "Ихлас" курулуш компаниясынын ишмердигинин кесепетинен толугу менен жараксыз абалга туш келген, - деп билдирет Омбудсмендин басма сөз кызматы.

Уюмдун маалыматы боюнча, жакында гражданка Табалдиева кайрадан Омбудсменге кайрылып, ӨКМ бөлүп берген контейнер, анын ичинде адам жашаганды мындай кой, анын үстүнө кыш мезгилинде, жөнөкөй буюмдарды сактоого жараксыз болуп чыккандыгын кабарлаган.

"Ошону менен бирге жаан жааган учурда чатырдан суу тамчылайт, анын айрым бөлүктөрүндө аба ырай ачык мезгилде күн нуру кирип тургандыгын айтсак, суук башталганда жана жаан жааганда "ӨКМ кандай жылууландырылган контейнер" бөлүп бергендигин күбөлөндүрүп турат. Албетте, мындай "турак-жайда" жыл бою жашоо тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес.

Мына ошондуктан КР Омбудсменинин гражданка Табалдиева жана анын үй бүлөсү үчүн жылууландырылган котейнерди бөлүп берүү боюнча КР ӨКМине берген сунушу, бул министерство тарабынан адамдардын тагдырына көңүл кош мамиле жасоо менен формалдуу түрдө аткарылган, - деп билдирди басма сөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД