Германияда Кыргызстандан алынып келинген 670 кг героин табылд

31-майдан 1-июнга караган түнү немец-польша чек арасынан Германиянын бажы кызматы тарабынан Кыргызстандан келген жүк ташуучу машинадан 670 кг героин табылган. Бул жөнүндө Deutsche Welle билдирди.

Документтерде машинадагы жүк түрк балы деп катталып, ар биринин салмагы 1,3 кг кутучага салынган жана "Халва" деген эткетка жазылган. Жүк ташуучу машинанын айдоочусу 63 жаштагы Турциянын жараны билдиргендей, чек ара аркылуу баңги заттарын алып бара жаткандыгын билген эмес. Учрда ал камакка алынып, кайтарууга алынды.

Германиянын бийлиги кармалган жүк чек ара көзөмөлүнүн тарыхындагы эң ири өлчөмдөгү баңги зат экендигин баса белгиледи Анын баасы 45-56 миң долларды түзөт жана Афганистанда жасалып чыгарылган деген божомолдор айтылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД