Кыргызстандын тышкы карызы 7,5 миллион долларга кыскарды

Кыргызстандын тышкы карызы дээрлик 7,5 миллион долларга кыскарды. Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын март айында республиканын каржылык милдеттери 4 млрд 452 млн 722 миң АКШ долларын түзсө, апрель айынын аягында бул сумма 4 млрд 444 млн долларды түздү.

Мамлекеттин карызынын кыскарышы негизинен Кыргызстандын тышкы карызынын кыскарышы эсебинен жетишилген. Чет элдик мамлекеттерге жана каржы уюмдарына карыздар бир айда 6,5 млн сомго кыскарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД