Осмонбек Артыкбаев Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Бүгүн, 18-июнда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана жемкорлукка каршы аракеттенүү боюнча комитети Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгын укту.

Белгилей кетсек, Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусунда Атамбаевдин Бишкек ЖЭБге көмүр алып келүүгө тийиштиги бар экени, экс-президент "Прогресс компани" компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөнү ж.б. жазылган. Бул айыптоолор мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев көрсөтмө бергенден кийин анык болду.

Эми атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселе жана регламент боюнча комитети тарабынан каралат. Андан кийин бул маселени палатанын күн тартибине киргизүү маселеси талкууланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД