"Манас" жана Чыңгыз Айтматов академиясы боюнча жаңы мекеме түзүлдү

Кыргызстанда "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" деп аталган мамлекеттик мекеме түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн тиешелүү токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевколкол кол койду. Бул чечим президенттин 2019-жылдын 31-январындагы "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

""Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесине юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өтүү, Каржы министрлигине белгиленген тартипте, Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитетинин макулдугу менен, 2019-жылда мекеменин ишмердүүлүгүн каржылоону баштоо, ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондуна Президент жана өкмөттүн иш башкармалыгы менен бирдикте академияга Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүндөгү 8/1, 8/2 дарегиндеги мамлекеттик имаратын өткөрүп берүү тапшырмасы берилди.

Бул мекеменин негизги максаттары жана милдеттери:

- "Манас" эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муун арасында кеңири жайылтуу жана ар тараптуу изилдөө, сактоо, ошондой эле идеяларды дүйнөлүк масштабда жайылтуу, таланттуу манасчыларды тарбиялоо;

- "Манас" эпосунун жана көрүнүктүү инсан – Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү.

Уюмдун ишмердүүлүгүндө илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө аракеттенүү;

- "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтуу;

- илимий-практикалык жана илимий-техникалык конференцияларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу;

- эмгектерди, мезгилдүү басылмаларды жана тематикалык түрмөктөрдү басып чыгаруу;

- аудио-видео, окутуу-агартуучу, таанып-билүүчү материалдарды даярдоо; көргөзмөлөрдү уюштуруу, сувенирлерди жасап чыгаруу сунушталган.

Бул мекеменин президенти болуп -Топчубек Тургуналиев, вице-президенти болуп жазуучунун уулу - Элдар Айтматов дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД