Россиялык журналист Бишкекти облустук борбор менен салыштырды

Россиялык тележурналист Алексей Прокин өзүнүн жаңылыктар репортажында Бишкекти облустук борбор менен салыштырды. ММК өкүлү катышкан мындай видеоролик соцтарматктарда таралууда.

Россиялык белгилүү НТВ телеканалынын журналисти Бишкектеги ШКУ саммитинин жүрүшү жөнүндө кабар берүүгө катышкан.

-Бишкек облустук деңгээлдеги шаар экен деп айтсак туура келчүдөй, ошондуктан ШКУ саммитинин катышуучулары бул шаарда бир эле күн болушат. Ал эми Батышта бул шаар америкалык аскер базасы орун алып турган кезинде бир топ кызыкчылык жараткан", - деди түз эфирде Прокин.

Россиялык журналисттин мындай сөздөрү Интернет колдонуучу көпчүлүк кыргызстандыктардын кыжырын келтирип, алардын айрымдары аны сотко арыздануу сунуштарын бергенге үлгүрүштү.

-Облустук борбор дегени эмнеси? Бишкек – Кыргызстандын борбору, ал эми өз пикириңди өзүңө калтыр. Мен бул журналисттин түз эфирде шылдыңдаган сөзү жана силердин телеканал боюнча сотко арыз даярдап жатам, - деп аккаунт "Мобилдүү репортер КG" жазып жиберген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД