Ысык-Көлгө көптөгөн россиялык туристтердин келиши күтүлүүдөбү?

Белгилүү болгондой, Россиянын көпчүлүк жарандары өздөрүнүy жайкы эмгек өргүүлөрүн биздин республикада өткөрүүнү пландаштырууда. Биз да окурмандарыбызга өзүбүздүн Берметибиздин кереметине суктанууну сунуш кылмакчыбыз.

Россиялык Интернет-сервистердин бири РФ жарандарынын арасында 2019-жылдагы жагымдуу туристтик жайлар жөнүндө сурамжылоо жүргүзгөн.

Андан белгилүү болгондой, алар жайкы жалпыга белгилүү авиамаршруттар катары Сочи менен Симферопольдон тышкары Молдова, Өзбекстан, Азербайжан, Армения жана Кыргызстанды аташкан, - деп билдирет РИА Новости.

-Сурамжылоого үч миңдей жаран катышкан. Алардын жарымынан көбү жайында үйлөрүнөн алыс кетүүнү пландаштырган эмес. Ал эми 18% жайкы каникулду чет жерде өткөрүүгө ниеттенишкен: алардын ичинен 14% деңизге барууну, ал эми 4%- экскурсиялык турга барууну каалашкан, - деп айтылат маалыматта.

Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, былтыркы жылы Кыргызстанга 1,4 млн турист келген. Алардын көпчүлүгү – Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын жарандары болгон.

Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун кече жакында өткөн ШКУ саммитинде Пакистандын премьер-министри Имран Хан да белгилеп өттү.

-Кыргызстандын кооздугу азыркы иш чаранын башкы өзгөчөлүгү болду, - деп ал белгилеп өттү.

Биз азырынча Ысык-Көлгө бара элек VB.KG редакциясынын окурмандарына да, көпкө күттүргөн эмгек өргүү алдында өз Берметибиздин кереметтүүлүгүнө суктанууну сунуш кылабыз. Биздин Берметибиз жөнүндөгү фото жана видео материалды Facebookтагы өз баракчасына кыргызстандык блогер Талант Өмүралиев жарыялаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД