Тоңдун Сырт жайлоосунда болгон окуя жөнүндө маалымат такталууда

Тоң районунун Сырт жайлоосунда ок атылып, бир адам каза болгон. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

- Маалымат бүгүн, 17-июнда саат таңкы 4:00 чамасында Тоң РИИБге келип түшкөн. Бул маалыматты териштирүү үчүн Тоң РИИБдин ыкчам тергөө кызматы Сырт өрөөнүнө жөнөп кетишти. Ал жакта уюлдук байланыш жок болгондуктан маалымат түшө элек. Тергөө кызматы келгенден кийин толук маалымат берилет, - деп Ысык-Көл облустук ИИБ билдиришти.

-Алдын ала маалыматтар боюнча аял ок атуучу курал менен өзүн атып салган. Учурда ушул жана башка жоромолдор текшерилүүдө, - деп облустун ИИБ кабарлады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД