Октябрь районунун аткаминери пара алып жаткан жеринен кармалды

Октябрь райадминистрациясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул жөнүндө КР Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда жеке ишкер "М.А." Октябрь райадминистрациясынын кызматкерлерине карата чара көрүү боюнча арыз менен ЭККМК кайрылган. Анын айтымына караганда, кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, борбордун соода точкаларынын биринде бизнес жүргүзүүгө урууксат берүү үчүн ай сайын акча каражатын талап кылып турушкан.

Бул арыз Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 326-беренеси боюнча (пара талап кылуу) катталган.

10-июнда ЭККМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш чаралар учурунда, Октябрь райондук администрациянын жумуш бөлмөсүндө 14 миң сом экономика жана каржы секторунун башчысы "М.М." пара алып жаткан жеринен кармалды.

Иш чаранын жүрүшүндө, аткаминерлер ээлеген кызмат абалынан пайдаланып соода жүргүзүп жаткан ишкерлерден дайыма акча каражатын талап кылып турушкандыгы аныкталды. Ушуну менен бирге алар ай сайын бизнес ишкерлеринен 100 миңден ашык сом жыйнап алып турушкан.

Колдонулган чаранын натыйжасында, кылмыш ишине шектелип кармалган жаран Бишкек шаарынын № 1 убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД