Икрамжан Илмияновго карата тергөө иши аягына чыкты

КР УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан президенттин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун мыйзамсыз түрдө 150 миң доллар акча каражатын алдамчылык жолу менен өзүнө ыйгарып алуусу боюнча козголгон ишти тергөө аяктады. Бул жөнүндө УКМК басма сөз кызматы билдирди.

УКМК билдиргендей, 2019-жылы 10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгында Икрамжан Илмиянов КР Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө ишинин аяктагандыгы жарыяланды.

Учурда Икрамжан Илмиянов жана анын жактоочулары козголгон иштин материалдары менен таанышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД