Ташиев: Апам айтып калчу эле, Текебаев сенден акылдуураак жана күчтүү

Соцтармактарда экс-депутат Камчыбек Ташиев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге арналган кечеде кайсы-бир кафеде сүйлөп жаткандыгын чагылдырган видео пайда болду.

Ал видеокадрларда экс-депутаттын жашоосунда Текебаевге байланышкан бир окуя жөнүндө айтып берип жаткандыгы көрсөтүлгөн. Анын жанында Бакыт Төрөбаев жана экс-башпрокурор Аида Салянова турушат.

"2005-жылы мен депутат болгон кезде, ыраматылык апам ооруп жаткан кезинде бир жолу мага мындай деп калды: "Суранам сенден, Өмүрбекке сын айтпай жана аны менен чырдашпай эле койчу. Ал баары бир сенден акылдуураак жана күчтүү", - деген апасынын сөздөрүн айтты Ташиев.

Сөзүнүн аягында ал Өмүрбек Текебаевге тезирээк элине жана үй бүлөсүнө кошулуусун каалай тургандыгын билдирди.

Эске салсак, мурда экс-депутат Камчыбек Ташиев өзү берген маегинин биринде, Аида Салянованын камалышы боюнча пикирин билдирген "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди "эки жүздүү" деп атаган.

Ташиевдин айтымында, анын өзүн камап жатышканда, Текебаев мыйзамды эсине да алган эмес.

-Мен Өмүрбек Текебаевдин пикирин окудум жана ушундай эки жүздүү адамды эч качан көргөн эмесмин деп айткым келет. Эгер ал ошончолук эле мыйзамды сыйлайт экен, а эмне үчүн Аида Салянова башкы прокурор болуп турган кезинде мыйзамсыз түрдө депутаттарды Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана мени кармап атышканда унчукпай отурган, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД