Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кыргызстанга келди

Пакистан Республикасынын премьер-министри Имран Хан бүгүн, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

"Манас" эл аралык аэропортунан Пакистандын премьер-министрин вице-премьер-министр Замирбек Аскаровтосуп алды. Имран Хан иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД