Ооруканадагы Зарылбек Рысалиевдин палатага которулду

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн бөлмөгө которулду. Дарыгерлер анын абалын орто оор деп билдиришүүдө.

-Рысалиевдин кан басымы жана канында канттын деңгээли туруктуу боло элек. Туугандары менен гана көрүшүүгө уруксат бердик. Анткени аны тынчсыздандырууга болбойт", - деди VB.KG редакциясына клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк.

Ошондой эле ал дарыгерлердин кийинки консилиуму Зарылбек Рысалиевдин диагнозун тастыктап, дарылоону дайындады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты, ЖАМКнын экс-жетекчиси Зарылбек Рысалиев 7-июнда ИИМ сурактан кийин өзүн жаман сезип,ооруканага жаткырылган. Ал суракка кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу суракка чакырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД