Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарына учуп келди. Касым-Жомарт Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Казакстандын президентин "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда коңшу Казакстан Республикасынын президентин шайлоо болуп өттү. Шайлоого 7 талапкер катышып, Касым-Жомарт Токаев жеңүүчү деп табылган. БШКнын маалыматы боюнча ал үчүн шайлоочулардын 70% доббуш берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД