Индиянын премьер-министри Кыргызстанга келди

Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

Нарендра Модини "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Индиянын премьер-министри Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД