Академик Зеленый Аскар Акаевдин докладын жогору баалады

Академик жана Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 11-июнда Россиянын илимдер академиясынын президиумунун отурумунда "Санариптик экономика доорунда дүйнөнүн өнүгүү багытынын математикалык модели" темасында илимий доклад окуду. Бул жөнүндө "Илимий Россия" сайтында кабарланды.

Порталдын маалыматы боюнча, 11-июнда РИА президенттик залында РИА Президиумунун отуруму өтүп, анда "Россия экономикасынын математикалык модели" актуалдуу темасы талкууланды.

Бул теманы талкуулоонун максаты россиялык илимпоздор тарабынан иштелип чыккан математикалык моделдер, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу Россиянын экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда канчалык мүмкүнчүлүк берерин аныктоо болуп эсептелет, - деп билдирет илимий басма.

Ошондой болсо да бул иш чараны көргөндөрдүн VB.KG редакциясына айтып бергенине караганда, академик Аскар Акаевдин М.В. Ломоносов атындагы ММУ ректору – академик Виктор Садовничий менен бирге даярдаган доклады чоң кызыгууну жараткан.

-Көрүнүктүү астрофизик, академик Зеленс бул докладды жогору баалады, ал эми РИА президенти академик Сергеев да докладга жогору баа берип, авторлорду мыкты ийгилиги менен куттуктады, - дешти алар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД