Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши качан аяктайт?

ЭККМК Мамлекеттик бажы кызматы жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү улантууда. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ЭКККМК басма сөз кызматы билдирди.

-Суроо-талаптар тийиштүү органдардын баардыгына жиберилген, текшерүү иштери жүрүп жатат. Финансы полициясы бул текшерүүнү кыска убакыттын ичинде бүтүрүп жана анын жыйынтыгын боюнча маалымат берүүгө кызыкдар, анткени коомчулук да, өлкө башчысы да биздин ишибизди жыйынтыктоону күтүүдө, - деп Финполдун басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

Эске салсак, Мамлекеттик бажы кызматы жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү май айынын аягында башталган. Бул иш Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде "Мыйзамсыз байуу" беренеси боюнча катталган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев текшерүү жүргүзүп жаткан органдарга эки жолу ишти тездетүү тапшырмасын берген. Ошондой болгону менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Райымбек Матраимовду жактап отурат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД