Батукаевдин бошотулушунда башкы күнөөкөр Турсунбек Акун болгонбу?

2013-жылы Алмазбек Атамбаев президент кезинде депутаттык комиссияга Азиз Батукаевдин бошотулушунда башкы күнөөлүү катары ошол кездеги омбудсмен Турсунбек Акунду көрсөтүү керектиги тууралуу кеңешин берген. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына берген маегинде "Ар-Намыс" партиясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Ал Батукаевге байланышкан кылмыш иш боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болгонун (төрагасы – Болот Шер, "Ата Мекен" фракциясы) эске салды, бирок, Атамбаев иликтөө ишинин жүрүшүнөн маалымат алыш үчүн так Бакир уулун чакырган.

-Ал "комиссиянын иши кандай жүрүп жаткандыгы" жөнүндө сурап, эмне эле кыйналып атасыңар, "мен билем, сенин досуң Турсунбек Акун 100 миң доллар алган, Батукаевди бошоткондордун башында ошол өзү турган" деди. Мен "ал досум эмес, анын акча алгандыгынын далили жок" деп жооп бердим. Ал кезде аткаминерлердин эч кимиси акча алгандыгын мойнуна алган эмес, ошондой болгону менен, комиссия мүчөлөрү алардын акчаны алышканын сезип эле турдук, себеби эч ким бул ишти жөн эле жасап бермек эмес. Батукаевдин эжеси айтканындай, акчаны күбөлөрү жок, жеке өздөрүнө кезигип беришкен, - деди Бакир уулу.

Ошондой эле ал депутаттык комиссиянын жоромолу боюнча, ансыз деле Турсунбек Акун шектелгендердин тизмесинде болгондугун белгиледи.

-Кармалгандардын баарынын күнөөсү бар. Комиссия кандайдыр-бир негизде алардын жоопкерчилигин, анын ичинде мурдагы башпрокурор Аида Салянованыкын да аныктаган. Бирок, комиссия мүчөлөрүнүн арасында соодалашуу жүрө баштады. КСДП партиясынын мүчөлөрү анын ысмы аталышын каалашпады. Алар комиссиянын чечимин бир шарт менен, Салянованын ысмы күнөөсү барлардын тизмесинен алып салганда гана кол коюп берүүгө макул боло тургандыгын айтышты. Биз көпкө чейин чырдаштык, бирок, отчетту парламентке бериш үчүн, комиссиянын мүчөлөрүнүн баары кол коюп бериши керек эле. Ошондуктан биз макулдук болдук, - деп эсине түшүрдү парламенттин мурдагы депутаты.

Эске салсак, 2013-жылы апрель айында Жогорку Кеңеште кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлиги, Башкы прокуратура, Мамлекеттик каттоо кызматы, Омбудсмен институту, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын алдын ала макулдашып алуусунун натыйжасында гана мындай "операция" ишке ашмак деген жыйынтык чыгарган.

Ошондуктан депутаттар президентке жана премьер-министрге, вице-премьер Шамиль Атахановду, ИИМ жетекчиси Абдылда Суранчиевди, Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеваны, ЖАМК жетекчиси Зарылбек Рысалиевди ээлеген кызматынан алып, ал эми парламентке – КР омбудсмени Турсунбек Акунду отставкага кетирүү кеңешин берген. Ошондрй эле УКМКга кылмыш ишин козгоо сунушу берилген.

Депутаттык комиссиянын курамында Болот Шер, Турсунбай Бакир уулу, Жоомарт Сапарбаев, Нуркамил Мадалиев, Равшан Жээнбеков, Дамира Ниязалиева, Канат Исаев, Эркин Сакебаев жана Алмазбек Баатырбеков болушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД