Экс-башкы прокурор Аида Салянова № 1 тергөө абагында калтырылды

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова № 1 тергөө абагында калтырылды. Бишкек шаардык сотунун мындай чечими, бүгүн, 12-июнда кабыл алынды.

Бул жөнүндө экс-башпрокурордун жактоочусу Рабига Садыкова журналисттерге билдирип, бул чечим күчүндө калаарын белгиледи.

Соттун имаратынын жанында чогулган Аида Салянованын тарапташтары мындай көрүнүшкө өтө нааразы болушуп, анын укугун коргоо үчүн "Ак үйдүн" алдында митинг жасоо ниетин билдиришти. Айтмакчы, кече жакында Салянованын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго бул ишти жеке көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрылууга кол топтой башташкан. Айрым маалыматтар боюнча, буга эки миңге жакын адам кол коюп берген.

-Аида Салянова ден соолугуна байланыштуу сотко келе алган жок, -деди Рабига Садыкова.

Эске салсак, Аида Салянова "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен, ал 26-июнга чейин № 1 тергөө абагында калтырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД