Кыргызстанда айдоочуларга убактылуу күбөлүк берилет

МКК айдоочулардын күбөлүгүнүн жана автоунааны каттоо күбөлүгүнүн эски үлгүсүн берүүнү токтотуп, жаңы үлгүдөгү документ бере баштайт. Мындай маалыматты VB.KG редакциясына МКК басма сөз кызматы тастыктады.

-Азыркы убактагы документтер 2011-жылдан баштап берилип жана акыркы 8 жыл ичинде эч кандай өзгөртүүлөр жүргүзүлбөгөндүктөн, коргоо даражасы, сапаты жана баасы учурдун талабына жооп бербей калды. Ошондуктан биринчи кезекте алардын сапатын жакшыртып, жаңыртып жана документтин жасалма даярдалышын чектөө керек, - деп билдиришти МКК кызматкерлери.

Учурда жумушчу топ документтердин техникалык өзгөчөлүгү боюнча жана айдоочулардын күбөлүгүнүн жаңы үлгүсүнүн жасалгасы үстүндө иш алып барууда. Бул документтер айдоочунун өздүгүн аныктоочу эл аралык заманбап талаптарына жооп берет деген ойдобуз. Мындан тышкары айдоочулардын жаңы күбөлүктөрүнүн баасы 40-50% арзан болот.

-Жаңы күбөлүктөрдүн баасын мурдагыдай Евро менен эмес, улуттук акча бирдигинде аныктоо пландаштырылууда. Ошондой эле айдоочулардын өздүгүн аныктоону буга чейин жеке компания жүргүзүп келсе, эми бул ишти аткаруу мамлекеттик мекемеге өтөт, - деп билдирди МКК басма сөз кызматы.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулардын күбөлүгүнө өтүү мезгилинде, айдоочуларга убактылуу күбөлүк берилет. Мындай көрсөтмө айдоочулар биринчи жолу күбөлүк алып жатканында же мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу документтерин алмаштырган учурда киргизилет. Башка учурларда айдоочулар эски үлгүдөгү күбөлүктү мөөнөтү бүткөнгө чейин колдоно беришет.

МКК тактоо иретинде билдиргендей, азыр республикада айдоочулардын күбөлүгүн даярдоо үчүн керектүү бланктар жетиштүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД