ЖАМК: Аида Салянованын өмүрүнө коркунуч жаралган жок

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкованын Аида Салянованын өмүрү үчүн кабатырлануусуна негиз жок. Кылмыш ишинин ачылышына байланыштуу № 1 убактылуу жайга киргизилген экс-прокурордун өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Бул жөнүндө КР ЖАМК билдирди.

Маалыматка караганда, Аида Салянова аялдардын режимдик корпусуна жайгаштырылган.

- Салянованын дарегине башкалар тарабынан эч кандай коркунуч жаралган эмес, Салянованын өзү № 1 убактылуу кармоочу жайдын дарегине өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралгандыгы боюнча арыз жазып кайрылган жок. Медициналык персонал тарабынан ага керектүү жардам көрсөтүлүп жатат. Жактоочулар, парламенттин депутаттары, прокуратуранын жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү, ошондой эле башка адамдар эч тоскоолдуксуз жана белгиленген тартипте ага келип турушууда, - деп ЖАМК түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, бүгүн пресс-конференция учурунда жактоочу Рабига Сыдыкова өз жактоосуна алынган Аида Саляновага криминал дүйнөсү тарабынан коркунуч жаралууда деп билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД