Эдил Байсалов Улуу Британияга элчи болуп дайындалды

Байсалов Эдил Жолдубаевич Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер комитети тарабынан Э.Байсаловдун талапкерлиги каралып, колдоого алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД