Атамбаевдин КСДП партиясы келерки шайлоодо Жогорку Кеңешке өтө алабы?

Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астындагы КСДП партиясы келерки парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул жөнүндө "Апрель" телеканалына берген маегинде экс-вице-спикер, депутат Асель Кодуранова билдирди.

Анын сөздөрү боюнча, алардын өз жактоочулары болгондуктан, баардык шайлоолордо дайыма парламентке өтүп келишкен.

-Азыр биз өзүбүздү оппозиционер катары жарыялаганыбыз, ошодуктан абалыбыз оор болушу мүмкүн. Бирок, менин оюмча, бизге канчалык тоскоолдук кылышпасын, кандайдыр-бир деңгээлде добуш ала турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Дайыма эле ушундай, анткени биз 16 жылдан бери оппозицияда болуп, КСДП депутаттары парламентте бир нече орунду алып келгенбиз. Бир гана маселе, орундун саны жагында, бирок, биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз бар деп ойлойм.

КСДП партиясынын жана анын жетекчисинин эл алдында кандай эмгеги бар экендигин баары билишет. Мисалы, биз буга чейин энергетика жагынан көз карандысыздыкка жетишип жана митингдер аз эле болуп турчу, ал эми азыркы убакта ар күнү митингдер болуп, элдин нааразылыгы күчөп баратат. Мен бийликке жакын аткаминерлерге, бизди душман кылбагыла, тескерисинче, биз менен сүйлөшкүлө, мына ошондо кандай каталыктарды кетирип жатканыңарды силерге айтып турабыз. Силер анткендин ордуна, "Багдадда баары тынч" деп айткандарды угуп жатасыңар, деп айткам, - деди парламент депутаты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД