Матраимовдордун ишин иликтеген журналистти сотко беришеби?

Матраимовдорго акча каражаттарынын которулгандыгы жөнүндөгү имиштерге таянып иликтөө жүргүзгөн журналистти сотко бериш керек, - деп VB.KG редакциясына "Күч биримдиги" кыймылынын лидери, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айткандарына караганда, журналисттин билдирүүлөрүнүн бири да фактылар менен тастыкталган эмес.

-Журналисттер бир нече жылдардан бери Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллардын баардыгын аз жерден Райымбек Матраимовго ыйгарып салгылары келишкен. Тактап айтканда, ар кайсы адамдардын акча которууларын аны менен байланыштырууга аракет кылышууда. Ушундай ыкма менен кимди кааласаң кылмышкерге айландырып койсо болот да. Мен ошол эле Кытайлык ишкер Кыргызстандагы көп адамдар менен иш боюнча байланышы болгон деген ишеничтемин. Ооба, иликтөөдө сөз жүрүп жаткан ушул кытайлык ишкер Айэркин Саймати Кыргызстандан бир нече жүз миллион долларды чыгарып кеткен, бирок, эмнегедир эле ошол акчаларды Райымбек Матраимов менен байланыштырууга аракет кылып жатышкандыгы такыр түшүнүксүз калууда. Ошол Саймати Исмаил Матраимов фондуна 2 миллион долларды которгондугу үчүн элеби, бирок, бул мыйзамды бузганга жатабы же башка бир нерсени айткысы келишеби? – деп суроо берет редакциянын маектешүүчүсү.

Ошондой эле Атазов Райымбек Матраимовдун бир тууганы Руслан Матраимовго карата "Достук" КППсын "калкалап" жүрөт деп күнөө тагып жатышканына таң калгандыгын билдирди.

-Жүзүн жаап алган эки же үч адам Руслан Матраимов "Достук" КППсын башкарып турат деп айтып жатышат. Ошол эле учурда алар эч бир далил келтире алышкан жок. Мунун өзү курулай эле күнөө тагуу эмеспи?

Белгилей кетсек, "Азаттыктын" журналисттери Кыргызстандан чет жакка чыгарылып кеткен көп миллиондогон акчалар боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, анын Матраимовдордун үй бүлөсүнө байланышканынын четин чыгарышкан. Ошондой эле алар жүзү жабылган айрым бир жүк ташуучулар менен маектешкенинде, алар бир тууган Матраимовдордун бири – Руслан "Достук" КППсынын куратору болуп эсептелет жана жүк ташуу бизнесин өзүнө ыйгарып алган деп билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД