Борбордук аянтта сыр менен жазуу калтырган тартип бузуучу табылды

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында сыр менен жазуу калтырган тартип бузуучу табылды жана ал ээнбаштык жасагандыгы үчүн кечирим суроого даяр. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Тазалык" мекемесинин басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Анын айткандарына караганда, тартип бузуучу өспүрүм бала экендиги аныкталды.

-Мен аны менен байланышка чыктым жана ал видео аркылуу шаардыктардын алдына кечирим суроого даяр. Ошондой эле ал "Тазалык" мекемесинин жумушчулары менен бирге коомдук иштерге катышууга да даяр экендигин билдирди, - деди ал.

Өспүрүм балага карата штраф салынабы же жокпу – белгисиз, бирок, "Тазалык" мекемеси өспүрүм өзү жасаган ишине өкүнгөндүгүн билдирди, ошондуктан анын кечирим сураганы жана коомдук ишти аткаруусу жетиштүү деп эсептейт.

Белгилей кетсек, мурда Бишкек мэриясы 29-майда белгисиз бирөөнүн борбордук аянтта сыр менен жазуу калтырган тартип бузуучуну табуу өтүнүчү менен коомчулукка жана милицияга кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД