Ошто окуучулардын кайым айтышы өспүрүмдүн өлүмүнө алып келди

Бүгүн, 30-майда саат 14:00. чамасында Ош шаарынын ооруканасында "Кыргызстандын 40 жылдыгы" атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу катуу жаракаттын кесепетинен каза болду. Бул жөнүндө Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 30-май күнү Ош облустук балдар ооруканасында курч буюмдан жаракат алган 2004-жылы туулган окуучу Акматов Самат көз жумган.

-Окуучулардын тобу мектептен чыгып бара жатышып, анча алыс эмес жерде жайгашкан дүкөндүн алдында кайым айтышып кетишкен. Маркум окуучу курч буюмдан жаракат алган. Аны бычак менен сайууга шектелип каза болгон баладан 1 жаш улуу Д.у.Н. кармалды.

Эске салсак, кече жакында Бишкекте окуучулар мушташып, кийинки күнү № 48-мектептин 8-классынын окуучусу ооруканада каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД