7-майдан баштап Бишкекте дагы 9 жерде видеокамералар орнотулат

2019-жылы 7-майдан баштап Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаардын дагы 9 көчөлөрүнүн кесилишинде видеокамералар орнотулат. Бул жөнүндө маалымат технологиясы жана байланыш боюнча Мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Көчөлөрдүн кесилиши:

Бөөкөнбаев – Манас;

Чүй – Манас;

Чүй – Павлов;

Жибек Жолу – Манас;

Махатма ганди – Боталиев;

Жибек Жолу – Курманжан Датка;

Ахунбаев – Байтик баатыр;

Чүй - Абдрахманов;

Байтик баатыр – М. Горький.

Басма сөз кызматы эске салгандай, долбоордун биринчи этабында 110 аппарат-комплексинин орнотулушу каралган: Бишкекте – 42, Чүй облусунун автотрассаларында 48, жана көчмө аппараттар – 20.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД