Президент С. Жээнбековдун Германияга расмий иш сапары башталды

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде эки күндүк расмий иш сапары менен Германияга келди.

Визиттин биринчи күнү экономикалык блокко арналат. Мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумга катышып, Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөйт. Андан тышкары, айыл-чарба ишканасына барат.

Мюнхен шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат.

Ошондой эле мамлекет башчысы Германияда иштеп, жашаган кыргызстандыктар менен да жолугушат.

16-апрелде Берлинде, Сооронбай Жээнбековдун ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель прессага билдирүү жасашат.

Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД