Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндө 15-апрелден 19-апрелге чейин жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлмөкчү.

Газ өчүрүлө турган аймактар: Кустанай көчөсү №36а, 36, 38, 40, 33 жана Дэн Сяопин-Кустанай-Астрахань-Камчатский көчөлөрүндө, жалпы 386 абонентте газ өчүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын "Бишкекгаз" филиалы келтирилген ыңгайсызыдыктар үчүн кечирим сурайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД