Бишкек шаарынын жашоочусу маршруттук таксиде жүрүүнүн баасын жогорулатууну

Коомдук унаада жүрүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө жазууну туура көрдүм. Деги качан жүргүнчүлөр жөнүндө ойлонушат??? Келгиле биз маршруттук таксиде жүрүү баасын бир аз жогорулаталы, бирок, алар таксинин ичин жүргүнчүлөргө ылайыктуу жабдып чыгышсын!!! Тактап айтканда, дем алгыдай аба жетиштүү болсун (абанын жетишсиздигинен, эс учумду жоготуп койгон учурлар болду). Эртең менен жана кечкисин унаанын ичи жүргүнчүлөргө жык толбой калгыдай, ал эми айдоочулар ЖЖК бузбай айдап, жол кирени 1-3 сомго чейин санатып аларды алагды кылбай, кондуктор чогултуп алгыдай кылуу керек. Эмне үчүн коңшу Казакстанда автоунааны күн сайын жууп-тазалап турушат, алардын ичинде контролер да отурат жана айдоочулар ЖЖК сакташат. Ал жакта жүргүнчүлөрдү ташууну жеке компаниялар жүргүзөт жана аларга карата жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине катуу талап коюлган. Деги биздеги абал качан өзгөрүлөт?

Элдик жаңылыкты Elya жазып жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД